15:15, 07 августа 2024, 24.kg

М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга «улуттук» макам ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров «Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына «улуттук» деген макам ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына «улуттук» деген макам ыйгарылсын жана мындан ары «Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы» деп аталсын.

2. Министрлер кабинети өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18