15:07, 07 августа 2024, 24.kg

Ысык-Көлдө көп функционалдуу спорт комплекси курулат

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында көп функционалдуу спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана КФСнын президенти Камчыбек Ташиев жеринде көчмө жыйын өткөрүп, жергиликтүү бийликтин жетекчилиги менен спорттук аянтчанын алдын ала долбоорун талкуулады.

17,72 гектар жерге комплекстин курулушу быйыл башталат. Ал курама командаларды даярдоого жана спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча, атап айтканда, футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика жана теннис боюнча эл аралык турнирлерди өткөрүүгө шарттарды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18