12:32, 07 августа 2024, 24.kg

Садыр Жапаров «Борбордук Азия+Япония» саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 8-10-августта Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана «Борбордук Азия+Япония» диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, «Иш-чарага Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

Астанада өтө турган Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана «Борбордук Азия+Япония» диалогунун мамлекет башчыларынын саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталат, деп күтүлүүдө.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган «Борбордук Азия+Япония» бизнес-форумуна катышуусу пландаштырылууда», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18