11:28, 07 августа 2024, 24.kg

Шаршенбеков кыргызстандыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Париж Олимпиадасында коло медалдын ээси Жоламан Шаршенбеков кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Видеону министрлер кабинетинин «Gosinfo» Telegram каналы жарыялады.

«Биз алтын үчүн келгенбиз, бирок кудайдын буйругу экен, коло алдык. Күйөрмандарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге, баарына ыраазычылык билдирем. Бул менин гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жеңиши. Бизге жакшы шарт түзүп берген мамлекетке ыраазымын. Башка кыргызстандык олимпиадачыларга ийгилик каалайм», — дейт Жоламан Шаршенбеков.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков 5-августта 1/8 финалдык баскычта чыгып, Казакстан менен Румыниянын спортчуларын экиден жеңип алган. Жарым финалда жапониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, катуу күрөштө жеңилип калды.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө кыргызстандык балбан ирандык Мехди Мохсеннежаддан күчтүү болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18