09:27, 07 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык 3 балбан килемге чыгат

Бүгүн, 7-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч балбаны — Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.

Адегенде Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште коло медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөт.

Амантур Исмаилов болсо, турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт. Исмаилов 67 кг салмакта күрөшөт. Ал биринчи беттешин 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзеге каршы өткөрөт.

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

7-августтун жүгүрмөсү:

77 килограмм салмак ченинде

Акжол Махмудов — Алексис Муньоз (Колумбия);

97 килограмм салмак ченинде

Үзүр Жусупбеков — Жозефь Патрик Рау (АКШ);

15:30 — 67 килограмм салмак ченинде, 1/8 финал

Амантур Исмаилов — Рамаз Зоидзе (Грузия).

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан эки медалы бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18