15:35, 06 августа 2024, 24.kg

Журналисттер үчүн «Мейкин» сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда ал президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарыла турган «Мейкин» сыйлыгын алууга сынакка арыздарды кабыл алуу башталганын билдирди.

Сыйлыктын максаты, медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналистердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү болуп эсептелет. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомду түздү. 10 номинациянын ар бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылат.

Сынакка катышуучуларга «Мейкин» сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча 11 көз карандысыз медиа эксперттен, журналисттерден, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссиянын курамы түзүлгөн.

Сыйлык алуу үчүн сынакка катышууну каалагандар 2024-жылдын 1-январынан тарта үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде даярдалган материалдарды meikin@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18