13:48, 06 августа 2024, 24.kg

Жаңы Ак үйдүн бийиктен көрүнүшү. Курулушу аяктап калды

Бишкекте жаңы Ак үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Объекттин видеосун блогер Николай Гладков социалдык тармактарга жарыялаган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 24.kg басылмасына имараттын ачылышы жана кандайча курулганы тууралуу маалымат жакынкы арада берилерин белгилеп, бирок так датасын айткан жок.

Эсиңиздерге сала кетсек, бузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна жаңы Ак үйдүн курулушу 2022-жылдын жазында башталып, 2023-жылдын 31-августуна чейин бүткөрүүнү убада кылышкан. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жумушчулардын жетишсиздигине нааразы болгон.

Президенттик администрация, анын инвесторлору жана подрядчылар үчүн жаңы имаратты курууга кеткен чыгым азырынча сыр бойдон калууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18