11:05, 06 августа 2024, 24.kg

Чолпон-Атадагы түнкү клубдан баңгизаты табылды

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунан баңгизат табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 4-августта мекемеден 4 брикет гашиш табылган, ал алдын ала маалымат боюнча зыяратчыларга таандык.

Түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары да аныкталып, тиешелүү акт түзүлгөн.

Учурда УКМК Ысык-Көл облусундагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18