09:39, 06 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык 4 балбан килемге чыгат

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыгат.

Адегенде Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Балбандардын күрөшү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө, жарым финалдык кармаштар 22:15те болмокчу.

Жарым финалдык беттештерден кийин медаль үчүн мелдештер орун алат.

Килемге биринчи Жоламан Шаршенбеков чыгат. Ал коло медаль үчүн 60 кг салмак ченинде күч сынашат.

Алтын байге үчүн күрөшкө эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова килемге чыгат. Ал америкалык спортчу Амит Элор менен таймашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18