09:17, 06 августа 2024, 24.kg

Кыргыз -Тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр октябрда аякташы мүмкүн

Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жакынкы 2-3 айдын ичинде бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев журналисттерге билдирди.

«Чек ара абдан курч маселе, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, тараптардын позициясын салыштырып жатабыз. Жакынкы 2-3 айда бүтүрөбүз деп ойлойм», — деди ал.

КР Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, тараптар эки мамлекеттин ортосундагы чек ара тилкесинин 90 пайыздан ашыгын макулдашууга жетишти.

Республикалардын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 980 километрге жакын. Аны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр (мамлекеттик чек араны анын өтүшүн сыпаттоо жана картага түшүрүү) 2002-жылдын декабрынан бери улантууда.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жылдын октябрында Россиянын президенти Владимир Путинден Тажикстан менен чек араны делимитациялоо маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү суранган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18