09:11, 06 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова 6-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда нигериялык атаандашы Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде утту.

Жуманазарова алгачкы беттеште монголиялык балбан Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген. Андан кийин жапониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип жарым финалга жолдомо алган.

Эми Мээрим Жуманазарова финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр бүгүн, 6-августта өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18