08:48, 06 августа 2024, 24.kg

Париж −2024: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкпай калды

Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыга албай калды.

Жарым финалда спортчу Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде япониялык Кеничиро Фумита менен кез келди. Кыл чайнашкан кармашта кыргыз балбаны 3:4 эсебинде жеңилип, финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди.

Жоламан Шаршенбеков буга чейин 1/4 финалда румыниялык балбан Арнаут Разван менен күрөшүп, 9:0 эсебинде утушка ээ болгон.

Ал 1/8 финалда болсо, Шаршенбеков казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңген.

Эми жубатуучу беттештер жана медаль үчүн мелдештер бүгүн, 6-августта өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18