18:46, 05 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Кыргыз балбандарынын күрөшүн көрүүгө Бишкекте фан-зоналар уюштурулду

Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандарынын күрөшүн көрүү үчүн Бишкекте фан-зоналар уюштурулду. Бул тууралуу мериядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-августунан 11-августуна чейин «Дордой Плаза» соода-оюн-зоок борборунда саат 22:00гө чейин, саат 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичирайонунун «Арбат» гүлбакчасында түз көрсөтүүлөр болот.

Октябрь районунда болсо, 5-августтан 11-августка чейин Ынтымак-2 сейил багынын амфитеатрында Париждеги оюндар көрүүчүлөргө тартууланат.

Ал эми Ленин районунда «Азия Молл» соода-оюн-зоок борборунда бүйүр кызыткан балбандардын күрөштөрүнө күйөрмандык кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биринчи май районунун аймагында 6-августтан 11-августка чейин Т.Усубалиев атындагы аянтка LED экран аркылуу түз эфирлер күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин чагылдырылат.

«Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары! Келгиле, спортчуларыбызды чогуу колдойлу! Бул иш-чара баарыбыз үчүн унутулгус болуп, ар бир адам чоң спорттук майрамды сезүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18