15:53, 05 августа 2024, 24.kg

«Старый Толчок» — «Евразия» базарынын мүлк комплекси мамлекетке өттү

«Старый Толчок» — «Евразия» базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында «Старый Толчок» — «Евразия» базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

 

Тактап айтканда, айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 га жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 га жер тилкеси жана 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКдан кошумчалашкандай, жерлер, имараттар жана курулуштарды мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18