13:12, 05 августа 2024, 24.kg

Жогорку окуу жайларга тандоонун IV туру башталды

Бүгүн, 5-августа жогорку окуу жайларына тандоонун жана кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 7-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. https://2020.edu.gov.kg/

Үч турда талондордун эң көп саны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана жана Ош мамлекеттик университетинде катталды. 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу беш тур менен өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18