15:34, 02 августа 2024, 24.kg

Кыргызстандын министрликтеринин ишине баа берилди. Эки министрлик «2» алды

Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын иш планынын аткарылышынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдарга, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына баа берилди.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча Айыл чарба министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана башка төрт ведомство мыкты иштешти. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маданият министрликтери жана өлкө башчынын Талас, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү канааттандырарлык эмес көрсөткүчтөргө ээ.

 

Photo 340689

Министрлер Кабинетинин иш-планынын аткарылышынын даражасын баалоо методикасын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу документтерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн кыйла күчөтүп, алардын жоопкерчилигин жогорулатканы белгиленген.

Кийинки баалоо 2024-жылдын декабрында жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18