15:07, 02 августа 2024, 24.kg

Түркияда Инстаграмга кирүүгө чектөө коюлду

Түркияда Инстаграмга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-августта эртең менен Түркияда Технология жана коммуникациялар кеңешинин чечими менен Инстаграмга кирүүгө тыюу салынды. Бөгөттөөнүн себептери жана канча убакытка чектелгени айтылган эмес.

ММКлар мындай чечим Иранда ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиенин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Инстаграмда көңүл айтууга бөгөт коюуга байланыштуу кабыл алынганын божомолдошууда. Бирок бул болжолду Түркия президентинин администрациясынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун четке каккан.

Инстаграмды чектөөгө байланыштуу өкүмдү Анкара соту 2-августта күндүз чыгарары күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18