14:54, 02 августа 2024, 24.kg

Баткен шаарынын тургундары жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Баткенде боорукер, камкор адамдар жалгыз бой эне Күмүшай Назаровага үй куруп беришти. Бул тууралуу облустун Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жай куруу үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан 12 сотых жер бөлүнгөн. Үч бөлмөлүү үй ашар жолу менен 1,5 айда курулган. Бул үчүн «Жакшылык Чөйрөсү» кайрымдуулук фонду жана облус тургундары 1,5 миллион сом чогултушкан.

Облустун өкүлчүлүгү Күмүшай Назарованын үч баласы бар экенин белгиледи. Анын ден соолугу начар, күйөөсү каза болгон. Үйдүн курулушуна уулу да салым кошкон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18