16:38, 01 августа 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Бүгүн, 1-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы Бишкек шаарынын башкы спорттук аренасынын капиталдык оңдоп — түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактарга билдирди.

Бул көчмө жыйынга, ошондой эле, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков катышышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Бишкектеги башкы спорт аянтчасынын курулуш-оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, оюн аянтчасынын жана трибуналардын астындагы жайлардын абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо курулуш иштери июнь айында башталып, реконструкцияны сентябрь айында бүтүрүү пландалууда. Мекемеде гибриддик футбол бети, отургучтар алмаштырылат, тогуз чуркоочу жол орнотулат, аянтчалар жана башка арена инфраструктурасы оңдолот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18