15:27, 01 августа 2024, 24.kg

ТИМ кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай турууну сунуштады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Израиль Мамлекетине жана Ливан Республикасына баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

ТИМ белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18