14:18, 01 августа 2024, 24.kg

77 жаштагы ардагер V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барат

Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштанов Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ардагер Мамыт Таштанов 2 миң 16 чакырым жол басып өтүүгө ниеттенүүдө.

Бүгүн, 1-августа Ош шаарынын борбордук аянтында 74 жаштагы карыяны узатышты. Мамыт Таштановго шаардык мэрия жана облустук элчилик каржылык колдоо көрсөтүштү.

 

Велотурдун максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо жана элди спортко үндөө. Мындан эки жыл мурун Мамыт Таштанов да IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Изникке (Түркия) велосаякатка барган.

Быйыл Көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астанада өтөт. Ага 85 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу спорттун 21 түрү боюнча катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18