10:04, 01 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Париж Олимпиадасынын алкагында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешин жеңиш менен баштады.

Спортчу 57 кг чейинки салмак чен бирдигинде алгачкы беттешин кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван менен өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы боюнча жеңишти камсыздай алды.

Эми 3-августтан 4—августка караган түнү Жамал Харви аттуу америкалык мушкер менен беттеш өткөрөт.

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18