17:47, 31 июля 2024, 24.kg

Бишкек—Балыкчы поездди жаңы VIP-купе менен толукталды

Эртең, 1-августтан баштап Бишкек— Балыкчы — Бишкек поездинин курамына VIP-купе категориясындагы дагы бир жогорку комфорттогу вагон киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматта ылайык, вагондун ичинде 6 купе бар. Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео системалар бар. Ошондой эле абаны муздатуу системасы каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон. Вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы вагондорду жаңылоо иштери туризмди өнүктүрүү, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу алкагында жасалып жатканын белгиледи.

Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан жана мобилдик тиркемелеринен, ошондой эле Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан Бишкек-2 бекетинин кассаларынан сатып алса болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18