16:25, 30 июля 2024, 24.kg

Сузак округунда депутаттыкка эки талапкер арыз берди

№ 13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөнөөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга эки талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар өзүн-өзү көрсөткөн «Жалал-Абад» санаториясынын директорунун орун басары Алтынбек Кылычбаев жана «Дари Строй» курулуш компаниясынын директору Санжарбек Энназаров.

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 22-августка чейин уланып, аларды каттоо 2-сентябрга чейин ишке ашат. Үгүт иштери 2-сентябрдан 21-сентябрдын таңына чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 24-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган округда өтчү шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Боршайком 19-июлда Тазабек Икрамовду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18