Венесуэлада шайлоодон кийин башаламандык башталды
Венесуэлада нааразылык акциялары өлкөнүн шайлоо комиссиясы Николас Мадурону президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий жарыялагандан кийин башталган. Бул тууралуу бир катар чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Жекшембиде Венесуэлада президенттик шайлоо өтүп, элдин нааразычылыгын жаратты. 2013-жылдан бери бийликте турган учурдагы президент Николас Мадуро кайрадан жеңишке жетип, үчүнчү мөөнөткө ат салышкан. Оппозициянын негизги талапкери Демократиялык биримдик платформасынын өкүлү Эдмундо Гонсалес Уррутия утулуп калды.
Өлкө боюнча миңдеген тургундар шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирип көчөгө чыгышты. Полиция демонстранттарга каршы күч колдонууда.
Баш калаа Каракаста коопсуздук күчтөрү демонстранттардын көп бөлүгүн таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Калк казан-аяктарды каккылап, борбордун чоң жолуна чыгышты.
Венесуэланын укук коргоо уюму PROVEA Мадурону колдогон куралдуу топтор тынч демонстранттарга ок атканын билдирди.
Алдыдагы 24 саат Мадуронун ага карата айтылган дооматтарга кандай жооп кайтарары өтө маанилүү болот. Талдоочулардын баамында, эгер режимге каршы нааразылык акциялары кеңири жайыла баштаса, өлкөдө баш аламандыктын жаңы толкуну башталышы мүмкүн.
Расмий маалыматтар боюнча, Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро шайлоочулардын 51 пайыз добушун алган, бирок экзит-поллдун жыйынтыгында жарандардын дээрлик 65 пайызы оппозициянын талапкери Эдмундо Гонсалеске добуш бергенин көрсөттү.