17:49, 29 июля 2024, 24.kg

Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

Бишкекте 30-31-августта Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу «Манас» театрынан билдирди.

Маалыматка ылайык, айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. 12-августта «Манас» театрынын залында тандоо туру болот (саат 10:00дө).

Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт.

Төкмөлөрдүн таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына карата уюштурулат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18