16:47, 29 июля 2024, 24.kg

100 миң сом талап кылган. Таласта прокурордун жардамчысы кармалды

Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) С.Р.Т. компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Photo 340114

УКМК Башкы прокуратуранын ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 25-июлда Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы С.Р.Т. 90 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен өз иш бөлмөсүндө кармады.

Учурда жогорудагы факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, С.Р.Т.га карата Талас шаардык соту тарабынан «Камакка алуу» түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18