11:32, 29 июля 2024, 24.kg

Париж-2024: Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын медаль үчүн канча акча алат?

Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов Париж Олимпиадасында алтын медаль үчүн канча киреше табаары белгилүү болду. Бул тууралуу Казакстандын ЖМК жазып чыгышты.

Мыйзамга ылайык, казакстандык Олимпиада чемпиону 250 миң доллар алууга укуктуу. Мындан тышкары күмүш медалдын ээлери 150 миң доллар, коло медалдын ээлери 75 миң долларга ээ болушат.

Ошондой эле 4, 5 жана 6-орундарга 30, 10 жана 5 миң доллар өлчөмүндө бонустар каралган.

Photo 340060

Эске сала кетсек, Елдос Сметов 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалда Франциянын өкүлү Лука Мхеидзени жеңип, 2024-жылкы Олимпиаданын чемпиону болгон. Бул алтын медаль Казакстан үчүн Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча тарыхта биринчи болуп саналат.

31 жаштагы спортчу Олимпиада медалдарынын толук топтомун чогултту. Ал 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда күмүш, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18