11:09, 29 июля 2024, 24.kg

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келген 1,6 тонна кой эти аныкталды

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүктү «Кең-Булуң» кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору кармашкан. Этти алып кирүүгө тийиштүү кагаздары жок болгондуктан кайра Казакстанга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанда эттин баасы Бишкекке салыштырмалуу 35-40 сомго арзан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18