09:42, 26 июля 2024, 24.kg

Казакстанда мас абалында автоунаа айдаган имам иштен алынды

Казакстанда мас абалында автоунаа айдаганы үчүн кармалган Костанай облусунун башкы имамы Бахытбек Тажимбет иштен алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Мекемеден мыйзамды жана диний ишмердин этикетин бузган адамдардын «дин чөйрөсүндө иштөөгө моралдык укугу жок экенин» белгилешти.

Тажимбет 23-июлда курорттук Бурабай айылындагы «Регион 03» клубунун жанында кармалган. Полиция ага карата «Мас абалында транспорт каражатын башкаруу» беренеси менен протокол түзгөн.

Текшерүү учурунда имам сыра гана ичкенин айткан. Бирок сотто ал айыптоолорду четке кагып, кымыз ичкенин билдирген. Сот аны 15 суткага административдик камакка алуу жана айдоочулук күбөлүгүнөн жети жылга ажыратуу чечимин чыгарды.

2023-жылы сентябрда Алматы облусунун Шелек айылындагы «Хидаят» мечитинин имамы иштен алынган. Ал намаз окуп жаткан учурда жанынан чуркап өткөн кичинекей баланы башка урган. Анда муфтият имам ката кетиргенин мойнуна алып, баланын ата-энесинен жана коомчулуктан кечирим сураганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18