13:32, 19 июля 2024, 24.kg

Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пункту ачылат

Садыр Жапаров «Биргелешип 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Алмашуу ноталарында кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу каралган, ал өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде «Бир алкак — бир жол» долбооруна Кыргыз Республикасынын катышуусунун алкагында эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгына оң таасирин тийгизет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18