09:17, 18 июля 2024, 24.kg

Ош шаарынын борбордук базарында селдин чыгымы эсептеле баштады

Ош мэриясынын Жарандык коргонуу комиссиясы селден жабыркаган соодагерлердин чыгымдарын эсептөө иштерин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда базардагы негизги өтмөктөр тазаланып бүттү. Базар комиссия ишин аяктагандан кийин кайра иштей баштайт.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташкындап, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда «Кабар» агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18