08:47, 18 июля 2024, 24.kg

Жапаров менен Мирзиеев Сокулуктагы автозаводдун ишине старт берет

еТашкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиев видеобайланыш аркылуу Сокулук районундагы кыргыз-өзбек автоунаа заводунун ишине старт берет. Бул тууралуу Kun.uz сайты билдирди.

Завод расмий түрдө 18-19-июль күндөрү, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда ачыларын UzAuto департаментинин директору Рустам Бекчанов Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.

Биринчи этабында заводдо Cobalt, Onix жана Tracker үлгүсүндөгү автоунааларды өндүрүү пландалууда. Кийин өндүрүш кеңейтилип, башка үлгүдөгү унаалар да чыгарыла баштайт.

2023-жылы мартта Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды өндүрүү боюнча «Узавтосаноат», «ДТ Техник» жана «Нур» (Кыргызстан) компанияларынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.

Күн мурун президент Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга бара турганы кабарланган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18