15:06, 17 июля 2024, 24.kg

Айтургандын өлүмү боюнча ишти Башкы прокуратура көзөмөлүнө алды

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экенин аталган органдын басма сөз кызматы 17-июлда билдирди.

Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Октбярь райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Милиция ишти Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен иликтеп жатат.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги № 4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Маркумдун жакындары келин мурда күйөөсүнүн зомбулугуна кабылганын негиз кылып, ур-токмоктон каза болгонун божомолдошууда.

Айтурган Маматкулова — Оштун тургуну. Бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан.

Ишти иликтөө омбудсмендин да көзөмөлүндө экенин Акыйкатчы кеңсеси буга чейин маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18