15:48, 16 июля 2024, 24.kg

Камчы Көлбаевге таандык ок атуучу куралдар табылды

Камчы Көлбаев (К.Асанбек) тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, 2024-жылдын 11-июлунда «Мыйзамдагы ууруга» тиешелүү делген жайлардын биринде, уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдары табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка, ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18