14:40, 15 июля 2024, 24.kg

«Дордой» базарынан жер тилкесин мыйзамсыз тартып алган адам кармалды

«Дордой» соода-базар комплексинин аймагында рейдерлик жол менен басып алуу менен алектенген Ы.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук комитетине бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери жана улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Н.Ж. кайрылган. Бул жаран 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн «Жунхай» базарынын жанындагы 8,5 үлүш жер тилкени сатып алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ы.М. уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта болуп, алдоо жолу менен ишенимге кирип, укук белгилөөчү документтерди алып, уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, «Береке» базарын Н.Ж-дан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле ал, криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып ар дайым коркутуп келген.

Н.Ж. насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак-жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган.

Мындан улам, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча Н.Ж. укук коргоо органдарына кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Photo 338632

Чогултулган материалдардын негизинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда аталган фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК мындай учурларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18