10:36, 15 июля 2024, 24.kg

БУУнун баш катчысы Трампка болгон кол салууну сынга алды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Пенсильваниядагы ок атууну сынга алды. «Баш катчы муну кескин айыптайт. Ал Трамптын эртерээк сакайып кетишин каалайт», — деп айтылган Гутерриштин маалымат катчысы Стефан Дюжарриктин билдирүүсүндө.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен:

«Демократияда саясий зомбулукка орун жок», — деп X баракчасына жазды. «Мен Трамптын тезирээк айыгышын каалайм, бейкүнөө курман болгон кишинин жакындарына көңүл айтам», - деди.

Канаданын премьери Жастин Трюдо, Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррель, Италиянын премьери Жоржия Мелони, француз президенти Эммануэл Макрон, Венгрия президенти Виктор Орбан, Израилдин премьери Беньямин Нетаньяху да ок атууну айыптап чыгышты.

Трамп менен мамилеси анчейин болбогон украин президенти Владимир Зеленский да: «Зомбулукка эч качан жол берилбеши керек», — деп жазды.

Трамптын өзү 13-июлда Батлер шаарында тарапкерлери менен жолугушуудагы бир нече жолку ок атуу маалында кулагына ок жеп, жеңил жараат алганын билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, ок аткан кишини кошкондо эки адам каза тапты. Дагы эки киши жараат алды. ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялады. Ал эми ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдады.

Окуя болгон жерден жарым автомат мылтык табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18