10:11, 12 июля 2024, 24.kg

Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда долларды сатып алуу боюнча кезектеги интервенция жасады. 11-июлда жөнгө салуучу орган 34,3 миллион доллар сатып алган. Операция тууралуу маалымат банктын расмий сайтында жайгаштырылган.

Анын ичинен 17,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 16,8 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен болду.

Жөнгө салуучу валютаны 85,35-85,3 сом чегинде сатып алды.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери бул он биринчи тескери интервенция. Жалпысынан валюталык операциялардын алкагында Улуттук банк 299 миллион 250 миң доллар сатып алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18