11:11, 11 июля 2024, 24.kg

Евро −2024: Суперкомпьютер Европанын жаңы чемпионун аныктады

Opta компаниясынын адистери суперкомпьютердин жардамы менен Испания менен Англиянын футбол боюнча Европа чемпионатынын финалында жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн эсептеп чыгышты.

Ошентип, испаниялык команданын ийгиликке жетүү ыктымалдыгы 57,3 пайызга, Англия курамасынын мүмкүнчүлүгү 42,7 пайызга бааланган.

Финалдык беттеш 14-июлдан 15-июлга караган түнү Берлиндеги Олимпиастадиумда өтөт. Футболчулар жана көрүүчүлөр Кыргызстан убактысы боюнча саат 01:00дө старт ышкырын угат.

Эскерте кетсек, Испания биринчи финалист болуп, 1/2-орунда Франциянын командасын чыгарды. Англия финалга чыгуу үчүн Голландиядан жеңишти жулуп алды.

Евро-2024 Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Буга чейинки чемпион Италия болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18