10:11, 11 июля 2024, 24.kg

Кыргызстанда орточо айлык акы 34,7 миң сомду түздү

2024-жылдын январь-май айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 710 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү 11% түзгөн.

Эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу жана илимий ишмердүүлүктө байкалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18