17:45, 10 июля 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиевдин каржылык колдоосу менен Жалал-Абад шаарында мечит курулат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин каржылык колдоосу менен Жалал-Абад шаарына 10 миң орундуу мечит курулат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук намазкана эски Имам Аль-Бухарий мечитинин ордуна курулуп жатат. Курулушка капсула салуу аземине Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана диний ишмерлер катышты.

Облустун казысы Нематулла ажы Жээнбеков чоң мечит куруу демилгеси Камчыбек Ташиевге таандык экенин белгилеп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы белгилегендей, бул долбоорду ишке ашырууга президент Садыр Жапаров да көмөк көрсөтөт.

Мечит 10 миңге чейин зыяратчыларды жана имараттын сыртында беш миң адамды батыра алат. Унаа токтотуучу жай миң унаага ылайыкталган. Курулушту 2,5 жылда бүтүрүү пландалууда.

Муфтият кошумчалагандай, шаардын эски мечити чакан жана 90-жылдары ашар жолу менен салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18