15:31, 10 июля 2024, 24.kg

Кыргызстанда жылдын I жарымында ИДПнын көлөмү 560 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июнь айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 560 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1%га өскөн.

Керималиева өсүш товарларды өндүрүүнүн — 28,8%га, кызмат көрсөтүүнүн — 51,7%га, салыктык түшүүлөрдүн — 19,5%га өскөндүгүнө негизделгенин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18