11:26, 10 июля 2024, 24.kg

Евро −2024: Килиан Мбаппе жеңилгенден кийин үн катты

Франциянын футбол боюнча курама командасынын капитаны Килиан Мбаппе команданын Евро-2024төн кетишине комментарий берип, жакынкы пландары тууралуу да айтып берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Түндө француздар Европа чемпионатынын жарым финалында Испанияга 1:2 эсебинде утулуп калды. Ошентип Франия курамасы экинчи жолу катары менен Евро финалга чыга албай калышты.

«Бул мен үчүн абдан жаман чемпионат болду. Футболду өтө татаалдаштыруунун кажети жок: сен же жакшысың, же жакшы эмессиң. Мен жакшы болбодум, ошондуктан биз үйгө кетебиз. Мен дагы ойнойм. Жакшы эс алып, жаңы жашоо баштайлы», — деп Мбаппенин сөзүн келтирет RMC.

Эске сала кетсек, Мбаппе Евро-2024тун беш беттешине катышып, анда бир гол киргизип, пенальтиден гол киргизип, бир пас берген.

Ал эми Испания курама командасы өз тарыхында бешинчи жолу Евро финалга чыгып, анда Голландия-Англия жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18