09:24, 10 июля 2024, 24.kg

Евро −2024: Испания курама командасы финалга чыкты

Испания курама командасы футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын жарым финалдык беттешинде Францияны утуп алды.

Жолугушуу 2:1 эсебинде испаниялыктардын жеңиши менен аяктаган. Франциялык Рандал Коло Муани 9-мүнөттө гол киргизди. Биринчи таймда да испандар алгач Ламин Ямалдын аракети менен эсепти калыбына келтирип, андан кийин Дани Олмонун голунан кийин алдыга чыгышты.

Испания курама командасы финалдагы атаандашын 10-июль шаршемби күнү аныктайт. Бул күнү Англия экинчи жарым финалда Голландия менен ойнойт.

Эске салсак, футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июндан тарта Германияда өтүп жатат. Финалдык беттеш жекшемби күнү, 14-июлда Берлиндеги Олимпиастадиондо өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18