18:55, 09 июля 2024, 24.kg

Наполеон Бонапарттын тапанчалары аукциондо сатылды

Франциянын биринчи императору Наполеон Бонапарттын эки тапанчасы аукциондо сатылды.

Бул тууралуу аукцион өткөргөн «Осенат» аукцион үйүнүн социалдык тармактарынан белгилүү болду. Транзакциянын суммасы 1,69 миллион еврону түздү. Салт боюнча аукциондун уюштуруучулары тапанчалардын жаңы ээси тууралуу маалыматты ачыкка чыгарышкан жок, бирок лот алгач 1,2-1,5 миллион еврого баалангандыктан, ийгиликтүү бүтүмгө кубанычта экенин билдиришти. Тапанчалар жашыл баркыт менен капталган жана алтын саймаланган жаңгак кутуга салынган.

Белгилей кетсек, Франциянын Маданият министрлиги бул тапанчаларды улуттук байлык катары таанып, аларды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салган. Бул тапанчалардын экспорттук сертификаты жок дегенди билдирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18