18:25, 09 июля 2024, 24.kg

Таласта эки айылдын тургундары жолдун узакка созулганына нааразы болушууда

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанында жолдун курулушуна байланыштуу эки айылдын тургундарынын митинги өттү. Бул тууралуу 24.kg агентигине ведомствонун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июлда Талас облустук акимчилигинин алдына Нылды жана Сары-Булак айылынын тургундары жол маселесин чечип берүүнү талап кылып акция өткөрүштү. Алар Талас-Нылды-Арал-Покровка унаа жолунун курулушу уланбай, мурда салынган жолдун сапаты начар экенине нааразы болушууда.

Photo 337797

Чогулгандар менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Талантбек Эдилов жолугуп, курулуш иштери жакын арада улана турганын белгиледи. Нылды айылындагы жолдун сапаты боюнча бүгүн ал жерге өзү барып, текшерип чыгаарын билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, Талас шаарынан Нылды айылына чейинки жолдун узундугу 11 чакырымды түзөт. 2020-жылдан бери Транспорт министрлиги беш чакырымга асфальт төшөгөн.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 29-мартында Талас облусунун элчилигинин имаратында жергиликтүү тургундар да ушундай талаптар менен митингге чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18