18:09, 09 июля 2024, 24.kg

Кыргызстандык жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 28 жолу сынак тапшырган

Кыргызстандык жарандардын бири айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 28 жолу сынак тапшырган. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта системада теориялык экзаменди рекорддук түрдө тапшырган учурлар катталган. Алардын бири 28 жолу аракет кылып, сынактан өткөн. Дагы 32 жаран бир нече жолу аракет кылганына карабай сынактан өтпөй калган.

Быйыл 30 миң 634 адам айдоочулук күбөлүк үчүн теориялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 26 миң 307 жаран сынактан өткөн.

Жалпы 30 миң 634 адамдын ичинен 15 миң 653ү сынактан биринчи жолу тапшырганда эле өткөн. 7 миң 242 адам экинчи аракеттен өткөн, 3 миң 646 адам үчүнчү аракетте, 4 миң 88 талапкер үч жолудан ашык экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүк алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18