15:10, 09 июля 2024, 24.kg

Июнь айы тарыхтагы эң ысык ай деп таанылды

2024-жылдын июнь айы өткөн жылдын рекордун жаңыртып, эң ысык ай болуп калды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Климаттын өзгөрүшү боюнча кызматы Коперник жарыялаганын БУУ билдирди.

2024-жылдын июнь айынын орточо температурасы +16,66°Сди түздү, бул 1991-2020-жылдардын июнь айындагы орточо көрсөткүчтөн 0,67°С жогору жана 2023-жылдын июнь айында белгиленген мурунку рекорддон 0,14°С жогору.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын май айы тарыхтагы эң жылуу болгон.Окумуштуулар адамзатты температуранын жаңы рекорддору күтүп жатканын эскертишти.

Ошентип ажылык сапарда 2 миңден ашык адам ысыктан жапа чекти. Сауд Аравиясынын чөлүндө жайдын бийиктигинде температура +48°Сге жеткен.

Ысыктан каза болгондор Индиянын борбору Нью-Делиде да катталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18