14:24, 09 июля 2024, 24.kg

Өлүм коштолгон секирик. Экстремалдык эс алуу жайынын ээси үй камагына чыкты

Аламүдүн райондук соту Flyjump экстремалдык эс алуу жайынын ээсин үй камагына чыгарды.

Ал 6-июлда милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын кармалышына Flyjump`тан 39 жаштагы жарандын аркан үзүлүп кетип каза тапканы себеп болгон. Бул окуядан соң кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгы айтылган.

Соттон билдиришкендей, Н.уулу А. Кылмыш жаза кодексинин 29-беренеси боюнча айыпталууда. Анын жасаган кылмышы анча оор эмес кылмыштардын катарына кирери белгиленүүдө.

Жазык-процесстик кодексинин 107-беренесине ылайык, бөгөт коюу чарасын колдонуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алууда, анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы жана сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучу жөнүндө маалыматтарды эске алат: анын жашы, ден соолугунун абалы, үй-бүлөлүк абалы, иштеген иши жана башка жагдайлар.

Аламүдүн райондук сотунун токтому менен 28 жаштагы айыпталуучуну үй камагына бошотууда мурда соттолбогону, өздүгү такталгандыгы, тергөө органынан жана соттон жашырынбаганы жана туруктуу жашаган жери бар болгондугу да каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18