20:23, 08 июля 2024, 24.kg

Кыргызстанда ЖОЖго кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт

2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

I тур — 15-июль 17-июль саат 14:00гө чейин;

II тур — 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;

III тур — 29-июль 31-июль саат 14:00гө чейин;

IV тур — 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;

V тур — 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18